• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Борбор калааны кардан тазалоо иштери уланууда - мэрия

Коом 0

Бишкек, 14.01.21 /Кабар/. “Тазалык” муниципалдык ишканасы, борбор калаанын көчөлөрүн жана тротуарларын кардан тазалоону улантууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн жол тейлөө башкармалыгынын 25 кызматкери 37 атайын техникалар менен сапта турушат: МАЗдын базасында 25 кар тазалоочу унаа, 4 универсалдуу УКМ унаасы, 4 кичи трактор "Беларусь", 2 жүк ташуучу ЗИЛ-130 жана 2 алдынкы жүктөгүч.

“Ошондой эле Бишкек шаарында таштандыларды тазалаганга туруктуу 640ка жакын көчө тазалагыч, 123 жүктөгүч жана санитардык тазалоо кызматкерлери бар, жүздөн ашуун адамдан турган топ катуу тиричилик калдыктары тазалашат. Санитардык тазалоо үчүн 52 атайын техника, таштанды чыгаруу үчүн 47 атайын техника тартылган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең мененкиге карата болжол менен 209 тонна техникалык туз сарпталды.

Бишкек мэриясы таза шаар үчүн күрөш жүрүп жатат, калган аймактарда карды, музду тазалоо, унаа жолдоруна жана тротуарларга туз себүү үчүн шаар мэриясынын WhatsApp номерине: 0554 182 185 же :1840 жана 1850 күнү-түнү чалуу номерлерине кайрылууга боло тургандыгын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий