• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекте майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин отуруму өттү

Коом 0

Бишкек, 26.06.22. /Кабар/. Бишкекте КР министрлер кабинетинин алдындагы майыптардын иштери боюнча кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, отурум министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов төрагалыгы алдында өттү. Анда министрликтерден, ведомстволордон жана КЭУдан аталган кеңештин мүчөлөрү катышты.

Кеңеште майыптыгы бар адамдарды спортко жана дене тарбияга тартуу боюнча түзүлгөн жумушчу топтун ишинин натыйжалары, Кыргызстандагы медициналык-социалдык экспертизанын учурдагы абалы, ошондой эле Кеңештин мурда кабыл алынган чечимдеринин мониторинги талкууланды.

Бул Кеңеште мамлекеттик органдардын өкүлдөрү өкмөттүк эмес уюмдар менен бирдикте республикада майыптыгы бар адамдардын абалын жакшыртуу боюнча чечимдерди талкуулашат жана кабыл алышат.

Пикир

Оставить комментарий