• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте көрнөк-жарнактарды иретке келтирүү боюнча рейд өттү

Коом 0

Бишкек, 23.01.23. /Кабар/. Бишкекте көрнөк-жарнактарды иретке келтирүү боюнча рейд өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Рейддин жыйынтыгында Горький көчөсүнүн Б.Баатыр көчөсүнөн Ауэзова көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 53 баннер алынды.

Ошондой эле Дэн Сяопин проспектисинин Фучик көчөсүнөн баштап П.Лумумба көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 86 жарнамалык конструкция жана 13 баннер алынды.

Текшерүүлөр шаардын архитектуралык жана эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, тышкы жарнамадагы маалыматты мамлекеттик тилдеги нормаларына ылайык келтирүү, ошондой эле Бишкек шаарындагы сырткы жарнамаларды жайгаштыруу жана пайдаланууну тартипке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий