• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө 35 млн сомдук микроскоп тапшырылды

Ден соолук 0

Бишкек, 23.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 23-январда Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө оор операцияларга керектелүүчү нейрохирургиялык LEIСA M 530 OHX микроскоп аппараты берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аппараттын келүүсүнө “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому демөөрчүлүк кылган жана анын баасы 35 млн сомду түзөт.

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунунун вице президенти Абакиров Улукмырза келип, саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев, профессор, нейрохирург Миталип Мамытов жана нейротравматология бөлүмүнүн дарыгерлеринин катышуусунда микроскопту тапшырды.

Өз сөзүндө саламаттык сактоо министри Гулнара Баатырова акыркы үлгүдөгү заманбап операциялык микроскоп бүгүнкү күндө нейрохирургия тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, аны менен бирге элибизге көрсөтүлүп жаткан жардамдын сапаты көтөрүлөрүн белгиледи.

“Өлкө башчысы тарабынан саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Бүгүнкү алынган жабдуу дагы ошонун бир мисалы деп айтып кетким келет. Бул заманбап аппараттын жардамы менен нейрохирургиялык жардамга муктаж бейтаптарга көрсөтүлүүчү жардамдын сапаты жакшырып, ошондой эле дарыгерлердин ишин да жеңилдетет”, - деди Баатырова.

Жакынкы арада Улуттук госпиталга магниттик резонанстык томограф аппараттары орнотулат.

Пикир

Оставить комментарий