• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чек арадагы чыр. Көзүнө ок жеген кыргызстандык операция жасатуу үчүн Түркияга жөнөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 14.05.21. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жабыркагандардын бири 38 жаштагы К.Ч. 14-майда операция кылдыруу үчүн Түркияга учуп кетти.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жабырлануучу аэропортко тез жардам унаасы менен жеткирилди.

Жабырлануучу К.Ч. Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Интренационал айылынын жашоочусу. Ал куралдуу кагылышуу учурунда оң көзүнө ок жеп, 30-апрелден тартып Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жаткан. Андан тышкары, эки буту сынган. Кыргызстанда көзүнө операция жасалган. Түркиялык дарыгердин текшерүүсүнөн кийин ага Түркиядагы клиникалардын шартында кайрадан операция жасоо сунушталган.

“Аталган маселе саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин көзөмөлүндө турган, анын тапшырмасы менен министрликтин адистери аталган маселени иштеп чыгышып, бүгүн бейтап дарылануу үчүн Түркия Республикасына учуп кетти. Мекендешибизге батырак сакайып кетишин каалайбыз. Ошондой эле биздин өнөктөштөрдүн салымын өзгөчө белгилеп кетүүбүз керек. Дарыланууга кеткен бардык чыгым Кыргызстан Кызыл Жарымай коому тарабынан каржыланат”, - деди саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова.

Эскерте кетсек, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун биринчи күнүнөн тартып жабырлануучуларга зарыл медициналык жардам көрсөтүүнү уюштурган. 29-апрелден баштап оор жабырлануучулар Бишкектеги ооруканаларга алынып келине баштаган. Денедеги ок жана сыныктарды алып чыгуу боюнча шашылыш жана пландуу операциялар жүргүзүлдү.

Бүгункү күнгө карата Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда – 25, Улуттук госпиталда – 12, Улуттук хирургия борборунда – 9, Лейлек районундагы ооруканада – 4, Кадамжайдагы ооруканада – 1 бейтап дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий