• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мадумаров КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын окутуу базасы менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 08.01.18 /Кабар/. Акрам Мадумаровду КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмаз Насыров өзүнүн эмгек жамааты менен жылуу тосуп алды. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Акрам Мадумаров Мамлекеттик кадр кызматы Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу багытында натыйжалуу кызматташууга даяр экенин белгиледи.

А. Мадумаров өз сөзүндө "бүгүнкү күндө жер жерлердеги айыл өкмөттөрдүн жана акимдердин билимин заман талабына ылайык жогорулатуу негизги маселе болуп жатат. Анткени, алар мамлекетибиздин жүзү. Сиздер, эң башкысы, иштеп жаткан кадрларды жакшы окутуп бериңиздер. Биз сиздерди ар тараптан колдойбуз”, - деди. Алмаз Насыров “биз кадрлардын билимин жогорулатуу боюнча башка форматта иш алып барганы жатабыз. Окутууну жогорку деңгээлде жүргүзүү үчүн теория менен бирге практикалык иштерди жакшы билген окутуучууларды да тартабыз”, - деди.

Жолугуушуу баарлашуу форматында өтүп, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын эмгек жамааты менен Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчилиги кадрларды окутуу жана кайра даярдоо боюнча маанилүү маселелерди ачык талкуулашты. Жолугушуунун соңунда А. Мадумаров КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын окутуу аудиториялары менен таанышып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий