• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чек ара кызматы: Кыргыз-казак чек арасында унаалар АМТ ишиндеги мүчүлүштүктөргө байланыштуу топтолууда

Коом 0

Бишкек, 28.07.23. /Кабар/. Бүгүн, 28-июлда Казакстандын аймагында Кыргызстанга чыгуу тарапта жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу катталууда. Бул УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга караганда, күн мурун, 27-июлда саат 22:50дөн баштап “Ак-Тилек-автожол”, “Чоң-Капка-автожол”, “Чалдыбар-автожол”, “Ак-Жол-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайларында белгисиз себептерден улам Мамлекеттик салык кызматынын “Жыйынды посту” автоматтык маалыматтык тутумунун (АМТ) ишинде мүчүлүштүктөр катталган.

АМТ ишинде мүчүлүштүктөр болгондугуна байланыштуу Казакстандын аймагында Кыргызстанга чыгуу тарапта жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу катталган.

Белгилей кетсек, КР УКМК Чек ара кызматынын Тышкы миграцияны эсепке алуу бирдиктүү тутуму штаттык режимде иштеп жатат. Айдоочулар жана жүк ташуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, ЕАЭБнин мүчөлөрү болгон өлкөлөрдөн республиканын аймагына киргизилчү товарларды эсепке алуу үчүн Мамлекеттик салык кызматы “Жыйынды пост” автоматтык маалыматтык тутумун (АМТ) колдонот.

Пикир

Оставить комментарий