• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кызамык менен ооруган адам менен байланышта болгондо эмне кылуу керек?

Ден соолук 0

Бишкек, 28.07.23. /Кабар/. Республикалык штабдан кызамык менен ооруган адам менен байланышта болгондо эмне кылуу керек экендгиги тууралуу айтып беришти.

Белгиленгендей, илдеттин алгачкы белгилери билине баштаганда же балаңыз кызамык менен ооруган адам менен байланышта болсо, дароо үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу зарыл.

Эгерде сиз байланыштан кача албасаңыз, анда төмөнкү чараларды көрүшүңүз керек:

Эгер балаңыз кызамыкка чалдыкса, тилкелик дарыгерге кайрылыңыз. Ал балаңызды үйдө же ооруканада дарылоо зарылдыгын чечиши керек. Дарыгер кызамыктын кийинки жайылышына жол бербөө үчүн тиешелүү дарылоо жана алдын алуу иш-чараларын дайындайт.

Бардык аныкталган бейтаптар тез арада обочолонот. Оор эмес кызамык үй шартында, дайыма дарыгердин көзөмөлүндө дарыланат. Оорунун оор өтүшүндө, күчөшүндө ооруканага жаткырылышы мүмкүн.

Бейтаптарга териде исиркектер пайда болгон 5-күнгө чейинки мезгилде коом менен байланышууга тыюу салынат.

Эгерде пневмония түрүндө татаалдашуулар пайда болсо, анда обочолоонун мөөнөтү 10 күнгө чейин узартылат.

Кызамык – аба аркылуу жугуучу өтө жугуштуу вирустук оору. Инфекциянын булагы – оорулуу адам болуп саналат. Кызамыкты бул ооруга чалдыккан, бейтап менен жок дегенде кыска мөөнөттүү байланышта болгон, эмдөөдөн өтпөгөн адамдар жуктуруп алышат. Бир оорулуу адамдан, аны менен байланышта болгон ондон ашык адам бул ооруну жуктуруп алышы мүмкүн.

Кызамыктын симптомдору жана белгилери:

Кызамык оорусу дене табынын 40°Ска чейин көтөрүлүшү, мурундун бүтүшү, бат-бат кургак жөтөл жана конъюнктивит менен коштолот. Оорунун 4-5-күнүнөн баштап денеге кызыл исиркектер чыга баштайт.

Эң алгач исиркектер ооруп жаткан адамдын кулагынын артында, бетинде жана моюнунда, андан кийин көкүрөгүндө жана тулку боюнда, андан кийин колу-буттарында пайда болот.

Кызамык эмнеси менен коркунучтуу?

Иммунитети начар бейтаптар оорунун оор түрү менен ооруп калышы мүмкүн. Кулактын (отит), мурун көңдөйчөлөрүнүн сезгениши, өпкөнүн сезгениши (ымыркайлардын өлүмүнүн кеңири таралган себеби), мээ кабыкчаларынын сезгениши (энцефалит) пайда болуп, мээнин калыбына келбей турчу бузулууларына алып келет.

Андан башка эпилепсиялык талмага, көздүн чел кабыгынын бузулушуна жана сокур болуп калуусуна, угуунун начарлашына алып келиши мүмкүн. Ошондой эле олум менен аяктаган учурлар дагы кездешет.

Эгерде сиз балаңызга кызамык оорусуна каршы эмдөө жасай элек болсоңуз, анда токтоосуз эмдетиңиз!

Оорунун алдын алуу үчүн өз убагында эмдөөдөн өтүү керек!

Пикир

Оставить комментарий