• 88.68
  • 95
  • 0.95

28-июлга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 28.07.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 28-июлга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +29...+34, Талас облусунда +27...+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көл облусунда +22...+27, Нарын облусунда +27...+32 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, абанын температурасы +30...+32 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий