• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жыл башынан бери өлкөдө 23 өзгөчө кырдаал катталды

Коом 0

Бишкек, 28.07.23. /Кабар/. Жыл башынан бери республиканын аймагында 23 өзгөчө кырдаал катталган. Бул Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2023-жылдын 6 айындагы иштеринин жыйынтыгын чыгарган коллегияда белгилүү болду.

Ведомстводон билдиришкендей, анын кесепетинен 24 адам каза болуп, келтирилген материалдык чыгым 263 млн 543 миң сомду түзгөн.

"Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда өзгөчө кырдаалдардын саны 51%га, каза болгон адамдардын саны 88%га, ошондой эле материалдык чыгым 31%га аз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий