• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

9690 субъекттин салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча туум жана санкциялары эсептен чыгарылды

Экономика 0

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы (МСК) жыл башынан бери салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызын төлөгөн 9 миң 960 субъекттин 15,8 млрд сом туум жана санкцияларын эсептен чыгарды.

МСКнын басма сөз кызматы билдиргендей, бюджетке 11,7 млрд сом карыздын негизги суммасы төлөнгөн.

Атап айтканда, салык карызынын негизги суммасын төлөгөн 6 миң 162 салык төлөөчүнүн 15,7 млрд сом суммасындагы туум жана санкциялары эсептен чыгарылды. Субъекттер 11,5 млрд сом салык карызынын негизги суммасын төлөшкөн.

Ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн 3 миң 528 субъекттин 120 млн сом суммасындагы туум жана айыптары эсептен чыгарылды. Бюджетке 240 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасы төлөнгөн.

Белгилей кетсек, Мыйзамга ылайык, 2022-жылдын 31-декабрына чейин салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн төлөөчүлөргө эсептелген туумдар, санкциялар жана айыптар 50 пайызга эсептен чыгарылат.

Карызды эсептен чыгаруу үчүн катталган жери боюнча салык органына кайрылуу керек.

Пикир

Оставить комментарий