• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда 22 тонна жезди аткезчилик менен алып өтүүгө бөгөт коюлду

Аймак 0

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. Жалал-Абадда жалпы салмагы 22 тонна жезди аткезчилик жол менен алып өтүүгө бөгөт коюлду. бул тууралуу Мамлекеттик бажкы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Таш-Көмүр шаарында Евразия экономикалык биримдигинин жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Kogel SN 24 жарым чиркегичи менен Volvo FH500 маркасындагы автоунааны текшерүүгө алышкан.

Бажы текшерүүсүндө унаанын жүк салуучу бөлүгүнөн бажы тариздөөнү тастыктаган эч кандай документтери жок, «жез» түстүү металл сыныктар - товары табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 22 миң кг түзгөн.

Бул факты тиешелүү органда каттоого алынып, материалдар КР мыйзамдарына ылайык, караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий