• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунун 5 тургуну диний-экстремисттик уюмдардын идеологиясынан баш тартты

Аймак 0


Бишкек, 26.05.23. /Кабар/. Ош облусунун 5 тургуну диний-экстремисттик уюмдун идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун жана “Катиба Таухид Валь-Джихад” экстремисттик-террористтик уюмунун тарапташтарына түшүндүрүү жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Тагыраак айтканда, Ош облусунун жашоочулары Ш.М.Н., Х.у.Х., Э.М.Н., Б.Ш.П. (“Хизбут-Тахрир” ДЭУнун тарапташтары) жана Р.Ж.Р. (“Катиба Таухид Валь-Джихад” ЭТУнун) аттуу жарандар кармалып, аларга карата профилактикалык иш-чаралар көрүлдү.

Жогоруда аталган адамдарга КР сот органдары тарабынан өлкө аймагында аталган уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынганы жана анын идеяларын таратуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгы жөнүндө түшүндүрүлдү.

Жүргүзүлгөн алдын алуу иш-чарасынын жыйынтыгында алар экстремисттик уюмдардын мүчөлүгүнөн баш тартып, мындан ары КР мыйзамдарын сактоого жана тыюу салынган диний уюмдардын катарына кирбөөгө милдеттеништи.

УКМК бул багыттагы иштерди улантууда.

Пикир

Оставить комментарий