• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда 44 миңден ашуун жарандын маалыматы "Санарип аймак" базасына киргизилди

Аймак 0

Бишкек, 06.09.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жарандардын жеке маалыматтары, үй-бүлөсүнүн курамы, кыймылсыз мүлкү, транпорту, мал чарбасы “Санарип аймак” маалымат базасына катталууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарында калктын расмий саны 123 миң 239 адамды түзөт. Анын ичинен учурда 44 миң 238и аталган маалыматтык тутумга катталды.

Белгилей кетсек, аталган маалымат тутуму жарандардын убактысын, каражатын үнөмдөө менен катар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органынын калкка натыйжалуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүсүн камсыздайт. Тагыраагы, жарандар ар кайсыл мекемеден кагаз түрүндөгү документтерди чогултуу көйгөйүнөн арылат.

Пикир

Оставить комментарий