• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Аймак 0

Бишкек, 20.03.18. /Кабар/. Кечээ,19-мартта Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген чакан делегация кошуна Өзбекстандын Андижан облусунун жетекчилигинин чакыруусу менен Андижан шаарына барып, Нооруз майрамына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышып келди. Делегация курамына шаардагы айрым мекеме-ишканалардын жетекчилери, Ош шаардык кеңешинен, Кыргызстан Элдер Ассамблеясынын Ош өкүлчүлүгүнөн, жаштар комитетинин жетекчилери болушту.

Ош шаарынан барган топту Андижан облусунун акими Шухрат Абдурохмонов, Анджиан шаарынын акими Дилмурат Рахматуллаев баш болгон жетекчилер тосуп алышты. Эки тараптуу жолугушуу жылуу мамиледе башталып, Ош шаарынан барган меймандарды Андижан шаарынын эли кол чаап күтүп алышты.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын мэри А.Кадырбаев баштаган топ Андижандын борбордук сейил багындагы көргөзмөгө барып, кол өнөрчүлүк жана улуттук даамдар жасалган аллеяга кирип, сүмөлөктөн ооз тийишти. Ошондой эле улуттук каада-салт, кыз узатуу көрүнүштөрүнө жана концерттик программанын да күбөсү болушту.

Андан сырткары бүгүнкү жолугушуунун алкагында эки шаардын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий –гуманитардык мамилени мындан ары дагы күчөйтүү максатында Ош шаарынын мэри А.Кадырбаев менен Андижан шаарынын акими Д.Рахматлулаевдин ортосунда дагы бир меморандумга кол коюлду.

Мэр А.Кадырбаев бул кабыл алынган меморандум эки тарап үчүн зор мааниге ээ экенин билдирди:

- Ош шаары менен Андижан шаарынын ортосундагы “Достук келишимине” 2016-жылы сентябрь айында кол коюлган. Ошол келишимди турмушка ашыруу үчүн бир нече эки тараптуу жолугушуулар болуп, буйруса азыркы күндө ал аракеттер өз жемишин берип келе жатат. Албетте бул аракеттин башында эки өлкөнүн Президенттеринин саясий эрки менен кабыл алынган туура чечим турат. Ошол чечимдерди ишке ашырууда колубуздан келишинче жумуштарды аткарып жатабыз, эки элдин достугу жана мамилеси биз үчүн эң чоң жетишкендик болуп эсептелет. Мына бүгүн дагы биз эки тараптуу меморандумга кол койдук, ал келишимдин алкагында эки кошуна шаардын соода-экономикалык жана маданий гуманитардык багытында бардык тиешелүү мекеме-ишканалар жыл бою кызматташып иштешүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул биз үчүн өтө маанилүү кадам болуп эсептелет. Ошону менен бирге эле Андижан элинин бүгүнкү майрамдык иш-чараны өтө мыкты даярдыкта өткөрүп жатканын белгилеп кетпесем болбойт.

Андижан шаарынын элинин Нооруз майрамына көргөн даярдыгы жогорку деңгээлде экендигин шаар мэри А.Кадырбаев баса белгилеп, май айында Андижан шаарынын жетекчилиги баш болгон делегацияны Ош шаарына чакырды.

Эскерте кетсек Андижан шаарынын борбордук сейил бактарында Нооруз майрамынын алкагында бир топ майрамдык иш-чаралар өткөрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий