• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сары-Челекте дайынсыз жоголгон израилдик кыз табыла элек. Издөө уланууда

Аймак 0

Бишкек, 29.09.17. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кызыл-Туу айыл аймагындагы Сары-Челек коругунда дайынсыз жоголгон израилдик кызды издөө иштери уланууда. Азырынча натыйжа жок. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кызды издөө иштерине бардыгы болуп 77 адам тартылган.

“КР ӨКМнин Аксы райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары, КР ӨКМнин Ош шаарында жайгашкан Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 7 куткаруучу атайын үйрөтүлгөн 2 ит, КР ӨКМнин Таш-Көмүр шаарындагы куткаруу отрядынан 10 куткаруучу, РИИБден 15 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 30 адам, Сары-Челек коругунан 9 кызматкер жана Израиль мамлекетинен 6 куткаруучу (ITMC-4, ALFA TOUR-2) тартылган”,-деп айтылат маалыматта.

Кечээ, караңгы кирип кеткендигине байланыштуу кечки саат 19:30да издөө иштери убактылуу токтотулган.

Учурда издөө иштери улантылууда.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча 2017-жылдын 23-сентябрында Израиль мамлекетинин эки жараны жана Франция мамлекетинин эки жараны туристтик багытта Аксы районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагындагы Сары-Челек коругуна келишкен.

Ошол эле күнү Израиль мамлекетинин эки жаранынын бирөөсү 1993-жылы туулган Городесен Нафад Едипьия аскадан кулап кетип, бутунан жаракат алган.

2017-жылдын 24-сентябры күнү Сары-Челек коругуна жөнөткөн Кыргызстандагы туристтик фирма менен байланышып, окуя жөнүндө кабар берген. 25-сентябрь күнү саат 11:30дар чамасында Кызыл-Туу айыл аймагынын Аркыт айылындагы туристтерге кызмат көрсөткөн адамдар тарабынан аскадан кулап кеткен Городесен Нафад Едипьия табылып, алынып келип, жардам көрсөтүлгөн.

Ал эми анын жанында бирге жүргөн 1995-жылы туулган Хилла Ливна ошол бойдон дайынсыз жоголгон.

Пикир

Оставить комментарий