• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте коомдук унаалардын каттамы өзгөрөт

Коом 0

Бишкек, 28.06.18. /Кабар/. Бишкекте коомдук унаалардын каттамы өзгөртүлөт. Бул тууралуу жолдордун курулушу боюнча пресс-турдун жүрүшүндө Бишкектин мэри Албек Ибраимов билдирди.

Калаа башчынын айтуусунда, магистралдардын курулушу аяктаганда, бардык коомдук унаалар каралып чыгат.

“Биз троллейбустук линияны кошуп, каттамдын ыңгайлуу жолун түзөбүз”, - деп билдирди мэр.

Шаар мэри маалымдагандай, жолдорду куруу маалында 2 миң 200 курулуш бузулган. Алардын ичинен 47си турак-үйлөр, калгандары мыйзамдуу жана мыйзамсыз салынган курулуштар.

“628 объектти буздук. Айрым үйлөрдү мэриянын эсебинен сатып алдык”, - деп билдирди калаа башчы.

Пикир

Оставить комментарий