• 88.68
  • 95
  • 0.95

Оштогу “Жапалак” унаа базары кеңейтилет

Аймак 0

Бишкек, 27.10.23. /Кабар/. “Жапалак” унаа базары кеңейтилип, жаңы заманбап базарлар пайда болот, деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматта айтылгандай, Жапалак унаа базарынын айланасындагы 36 гектар жердин багыты коммерциялык максатка өзгөртүлүп, трансформацияланып, мамлекеттик актысы алынды. Эми бул жерге бардык талаптарга жооп берген, заманбап шарттары менен жашылча мөмө-жемиштер жана унаа тетиктери базарын ачуу пландалууда. Муну менен катар унаа базардын да аймагы кеңейтилип, унаа токтоочу жайлар салынат.

Аталган долбоорлорду ишке ашыруу максатында бүгүн Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, адистер менен биргеликте бөлүнгөн жер аянттарын көрүп, базардын жайгашуу долбоорун болжолдуу аныкташты.

Ошондой эле долбоорду ишке ашыруу менен бирге эле унаа тыгындарын жоюу жана болтурбоо максатында “Жапалак” унаа базарына чейин альтернативдик жаңы кошумча жолдорду ачуу боюнча сунушталып, пайдаланылбай турган, ачууга мүмкүн болгон жолдорду көрүп чыкты.

Кошумча жолдорду ачуу менен Ош-Араван жолундагы унаа тыгынынын алды алынып, маселе чечилет.

Калаа башчысы келерки жылы аталган аймакта болжолдонуп жаткан базарларды куруу, альтернативдүү жолдорду ачуу иштерин баштоо үчүн Ош шаардык архитектура жана жолдор башкармалыгына толук долбоорлоо иштерин даярдап бүтүрүү тапшырмасын койду.

Пикир

Оставить комментарий