• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аскер кызматкерлери үчүн 6 үйдүн курулушу жүрүп жатат – президент

Президент 0

Бишкек, 28.05.19. /Кабар/. 2019-жылы Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчылары үчүн 379 батирлүү 6 үйдүн курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков КР Куралдуу Күчтөрүнүн 27 жылдыгына жана КР Мамлекеттик чек ара кызматынын 20 жылдыгына арналган салтанатта билдирди.

Анын айтуусунда, Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчылары үчүн 88 батирлүү 4 үй курулууда.

"Заманбап инфраструктурасы бар аскер шаарчалары пайдаланууга берилүүдө, солдаттар үчүн казармалар, жаңы чек ара заставалары курулууда. Республикалык бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша акчалай төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйүүдө. Бүгүн аскер кызматынын кадыр-баркы калыбына келди деп ишенимдүү айтса болот", - деп айтты мамлекет башчысы.

Белгилей кетсек, бүгүн, 28-майда Мамлекеттик чек ара кызматынын 20 жылдыгы белгиленүүдө. Эртең болсо КР Куралдуу Күчтөрүнүн 27 жылдыгына белгиленгени турат. Бул даталарга арналган салтанаттуу азем Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий