• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өкмөт: Абылгазиевдин "Санат" балдар борборунда жүргүзүлгөн оңдоо иштерине тиешеси жок

Өкмөт 0

Бишкек. 28.05.19 /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин «Санат» балдардын ден соолугун чыңдоочу борборунда жүргүзүлгөн оңдоо иштерине тиешеси бардыгы жөнүндө социалдык тармактарда жайылтылган маалыматтарга байланыштуу Кыргыз өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет.

2017-жылдын 8-июнунда Кыргыз Өкмөтүнүн № 215-б буйругу менен билим берүү тутумунун жумушчуларына ден соолук чыңдоо үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик фондуна «Асыл» балдардын ден соолугун чыңдоочу борборун жана Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылындагы ага таандык аймакты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине оперативдик башкарууга өткөрүп берүү тапшырылган.

Андан соң 2017-жылдын 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 220-б буйругу менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине «Асыл» БДБ курулуш жана капиталдык оңдоо үчүн 300 млн сом суммасында финансы каражаттарын бөлүү тапшырылган.

Андан кийин Кыргыз Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-августундагы № 545 токтому менен

Билим берүү жана илим министрлигинин «Санат» ден соолук чыңдоочу борбору» мамлекеттик мекемеси түзүлгөн.

Капиталдык оңдоону жүргүзүүгө табыштамачы катары Ысык-Көл облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгы аныкталды. Сынактык соодалар Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамына ылайык жүргүзүлдү.

Сынактык сооданын жыйынтыгы боюнча объектти капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо үчүн долбоордук-сметалык документацияларды иштеп чыгууга үч долбоордук уюм менен келишим түзүлдү:

- «КБШ Каракол долбоор курулуш» ЖЧК (Тазалоочу курулуш жана канализациялык насостук станцияны долбоорлоо жана беш кабат имараттын курулушун долбоорлоо, 09.11.2017 ж. келишим););

- «Белек жана Ко» ЖЧК (400 орундуу ашкананы реконструкциялоону долбоорлоо, 27.11.2017 ж. келишим);

- «Энкон» ЖЧК (бактерициддик жабдуу суу мунарасынын №1 жана 2 скважинасын, тышкы суу түтүктөр түйүнүн, канализацияны, электр менен камсыздоону реабилитациялоону долбоорлоо, 13.12.2017 ж. келишим).

Белгилей кетсек, мамлекеттик сатып алуулар порталында оңдоо иштерине тендер жарыяланган соң, 3 компания билдирме калтырышкан: «Аю Курулуш» ЖЧК, «Эм Си Билдинг» ЖЧК жана «Оргтехстрой» ААК. Сынактык комиссия Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамынын талаптарынын негизинде жеңүүчүнү аныктаган. Жеңүүчү катары «Оргтехстрой» ААК аныкталган.

Жалпысынан «Санат» БДБда оңдоо иштери башталгандан бери республикалык бюджеттен 139 млн 960 миң сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күнү «Санат» келгендерди кабыл алып, бир нече коттеджде оңдоо иштери жүргүзүлгөн.

Буга байланыштуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин «Санат» балдардын ден соолугун чыңдоочу борборунда «Оргтехстрой» ААК тарабынан жүргүзүлгөн оңдоо иштерине тиешеси бардыгы жөнүндө маалымат жалган болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий