• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстандык футболчу Эдгар Бернхардт Малайзиялык клуб менен контракт түздү

Коом 0

Бишкек. 28.05.19 /Кабар/. Кыргызстандын улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Эдгар Бернхардт Малайзиялык «Кедах» клубу менен келишимге кол койду. Бул тууралуу Футбол федерациясы кабарлады.

Kedah FA – Малайзиянын Жогорку лигасына кирет. Клуб өлкө чемпионатынын 15 турунан кийин 3 орунда келе жатат.

Эске салсак, Эдгар Бернхардт буга чейин Польшанын экинчи дивизионунда ойногон "Тыхы" клубунда оюн алып барчу.

Пикир

Оставить комментарий