• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жээнбеков Марокко падышасын падышалыктын тактысынын күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 30.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Марокко падышасы Мохаммед VI бин Аль-Хасанды Марокко Падышалыгынын Тактысынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

"Марокко падышалыгынын тактысынын күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелер эки элдин кызыкчылыгы үчүн мындан ары да өнүгө берет жана бекемделет деп терең ишенем", - деп белгиленет мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Сооронбай Жээнбеков Марокко падышасы Мохаммед VI бин Аль-Хасанга бекем ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Марокко элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий