• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жээнбеков менен Айдарбеков ШКУ саммитине даярдыктын жүрүшүн талкуулады

Президент 0

Бишкек, 11.06.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-июнда, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасына боло турчу Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик визитине, Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулганын жана Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Модинин расмий визиттерине даярдыктын жүрүшү талкууланды.

Мындан тышкары, министр Чыңгыз Айдарбеков Шахнай кызматташуу уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Бишкектеги кезектеги жыйынына даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Мамлекет башчысы бардык аты аталган иш-чараларды жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүүнүн өзгөчө маанисин белгиледи.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бардык даярдык иштери мурда белгиленген мөөнөттө жүргүзүлүп жатканын билдирди. Ал ошондой эле тышкы саясат ведомствосунун алдында турган учурдагы актуалдуу милдеттери тууралуу айтып берди.

Пикир

Оставить комментарий