• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Жээнбеков менен Мирзиёев кызматташуунун келечектерин талкуулады

Президент 0

Бишкек, 29.11.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусуна катышуунун алкагында Ташкент шаарында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Кыргызстан жана Өзбекстан Президенттери көп кылымдар бою достук жана ынак кошуналыкка негизделген кыргыз-өзбек мамилелериндеги динамикалуу өнүгүүнү канааттануу менен белгилешти.

Мамлекет башчылары ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун келечегин, Кыргызстан жана Өзбекстандын соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, чек ара мамилелерин өнүктүрүү чараларын талкуулашты.

Сооронбай Жээнбеков жана Шавкат Мирзиёев өлкөлөрдүн мындан ары өз ара аракеттенишүүсү боюнча биргелешкен жакынкы пландарды белгилешип, ошондой эле кыргыз-өзбек стратегиялык кызматташуунун бардык спектрлерин кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий