Жээнбеков менен Токаев телефон аркылуу сүйлөштү - эмнени талкуулашты?

Президент 0

Бишкек, 17.05.19. /Кабар/. Бүгүн, 17-майда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Мамлекет башчылары ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана алдыдагы эл аралык көп тараптуу иш-чараларга катышууну талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн соңунда мамлекет башчылары өз ара пайдалуу кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө, эки бир тууган элдин бакубатчылыгы үчүн эзелтен берки кыргыз-казак достук, ынак кошуналык, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө чечкиндүүлүктү тастыкташты.

Пикир

Оставить комментарий