• 86.8
  • 91.06
  • 0.82

Өзбекстанда эки журналисттин үйүн конфискациялоо тууралуу сот чечими жокко чыгарылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 17.05.19 /Кабар/. 16-майда Өзбекстандын Жогорку соту журналисттер Гайрат жана Шухрат Бабажановдордун үйлөрүн конфискациялоо тууралуу Ургенч райондук сотунун чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу алардын адвокаты Умид Давлетов билдирди.

Адвокаттын айтымында, сот журналисттердин Хорезм облусундагы эки үйүн алардын жеке менчиги деп тапты.

Би-Би-Си, «Ачык Азия», «Франс 4», Deutsche Welle жана «Эркин Европа/Азаттык» радиосу өңдүү бир катар эл аралыкмаалымат каражаттары менен кызматташып келген журналист Гайрат Бабажанов соттун бул чечимине канааттанганын билдирди.

Ташкенттик адвокат Сергей Майоров былтыр журналисттердин үйлөрүн конфискациялоо чечими кабыл алынган отурумда соттук-процессуалдык нормалар бузулганын билдирди. Анын айтымында, анда жалган көрсөтмөлөр колдонулуп, жараянга үй ээлери катыштырылган эмес.

Былтыр ноябрда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Вашингтондогу кеңсеси алардын өзбек кызматында эмгектенген журналист Шухрат Бабажановдун үйүн конфискациялоо чечими «анын журналисттик ишмердүүлүгү үчүн саясий өч алуу» болгонун билдирген.

2000-жылдары бийликти сындаган материалдары үчүн камалуу коркунучуна кабылган бир тууган Бабажановдор Европага кетүүгө аргасыз болушкан. Анда алар бир топ эл аралык маалымат каражаттары менен кызматташып, кесиби боюнча ишин улантып келишет. Шухрат Бабажанов 2001-жылы Германияда саясий качкын деп табылган. Быйыл май айынын башында ал Ташкентке иш сапары менен келе турган Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге кат жазып, журналисттик ишмердүүлүгү үчүн Өзбекстандагы үйү конфискацияланганын жазган.

Былтыр жайында Ургенч райондук соту жергиликтүү акимчиликтин өтүнүчүн канааттандырып, чет өлкөдө жашап жүргөн журналисттер Гейрат жана Шахрат Бабажановдордун үйлөрүн жана жер тилкелерин кароосуз деп таап, мамлекетке алуу өкүмүн чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий