Жээнбеков: Россия менен Кыргызстан бирдиктүү билим берүү мейкиндигине ээ болушу керек

Президент 0

Бишкек, 27.03.19. /Кабар/. Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында "Илим жана билим берүүнүн өнүгүүсү - келечекке инвестиция" аталышындагы Кыргызстан жана Россиянын ректорлорунун I форуму өтүп жатат. Форумда президент Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, иш-чаранын маанилүүлүгүнө токтолду.

Ал баса белгилегендей, мамлекеттер ортосундагы союздаштык мамилеле, эң оболу руханий-гуманитардык, интеллектуалдык чөйрөдө чыңдалууга тийиш.

"Биздин саясый жана экономикалык тыгыз мамилелерибизди улантып, жогорку окуу жайларыбыз дагы өз ара интеграцияга жана кызматташууга умтулгандыгы мени кубандырат. Сиздерге белгилүү болгондой, отуз жыл мурда биз бирдиктүү билим берүү мейкиндигинде жашаганбыз. Ал билим берүү системасы дүйнөдө атаандашууга толук жөндөмдүү эле. Экономиканын, социалдык турмуштун, мамлекеттик башкаруунун жана коргонуунун талаптарына толук жооп берген. Азыр ал система жок", - деп билдирди Жээнбеков.

Мезгил көрсөткөндөй, бизге жалпы билим берүү мейкиндиги керек экен, - деди мамлекет башчысы.

Белгилей кетсек, форумга эки өлкөнүн билим берүү жана илим министрлери, Кыргызстандын 31 жогорку окуу жайынын ректорлору, Россиянын 40 жогорку окуу жайынын өкүлдөрү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий