• 87.9
  • 95.55
  • 0.99

Жээнбеков: Кыргызстанда орус тили расмий бойдон калат

Президент 0

Бишкек, 27.03.19. /Кабар/. Учурда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда "Илим жана билим берүүнүн өнүгүүсү - келечекке инвестиция" аталышындагы Кыргызстан жана Россиянын ректорлорунун I форуму өтүп жатат.

Форумга эки өлкөнүн билим берүү жана илим министрлери, Кыргызстандын 31 жогорку окуу жайынын ректорлору, Россиянын 40 жогорку окуу жайынын өкүлдөрү катышууда. Иш-чаранын соңунда 70 жакын документке кол коюлат.

“Бүгүн Форумдун бардык катышуучуларында биздин өлкөлөрүбүздүн өнүгүшүнүн азыркы баскычында жогорку мектептин алдында турган милдеттерди кеңири талкуулоо үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк болот”, - деди Жээнбеков.

Өлкө башчысы тажрыйба алмашуу жана болочоктогу кызматташуу максатында Форумдун алкагында бир нече фундаменталдык багыттарды талкуулоо өтө маанилүү экендигин билдирип, Форумда кесипкөй кадрларды биргелешип даярдоо маселелерине көңүл бурула тургандыгына ишенем деди.

“Биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү механизмдерин аныктоо зарыл. Евразия мейкиндигиндеги социомаданий жана илимий-билим берүү интеграциясын өнүктүрүүгө көмөктөшүү маселелери өзгөчө орун ээлеши керек. Билим берүү ар кыл маданияттарга жана тилдерге урматтоого тарбиялай турганын биз баарыбыз жакшы түшүнөбүз”, - деди президент.

Сөзүнүн соңунда ал Кыргызстанда орус тилинин макамы расмий болгон жана мындан ары да сакталып калат, деп баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий