Бишкек, 22.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында кабыл алынуучу айрым чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Жарлыктын максаты — соттук-укуктук реформаны ыкчамдатуу.
Аталган маселенин олуттуу экендигин, соттук-укуктук системанын абалын эске алып жана Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан соттук укуктук реформанын алкагында жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жоруктар жөнүндө кодекс, Бузуулар жөнүндө кодекс, Жазык-процесстик кодекс, Жазык-аткаруу кодекси жана башка коштоочу мыйзамдарды натыйжалуу ишке ашыруу процессин алдыга жылдыруу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын Жарлыгы даярдалды.
2019-жылдын 1-январынан тартып жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жоруктар жөнүндө кодекс, Бузуулар жөнүндө кодекс, Жазык процесстик кодекс, Жазык-аткаруу кодекси жана башка коштоочу мыйзамдар күчүнө кирет. Адамдардын укуктарын коргоону камсыз кылууда мыйзамдар бул жазык укуктук бөлүгү стратегиялык мүнөзгө ээ жана жөндөмдүү мамлекеттик системаны ошондой эле заманбап экономиканы өнүктүрүүдө маанилүү милдет өтөйт. Жаңы мыйзамдарды кабыл алуу менен кылмыш-жазык сот өндүрүшүн гумандаштыруу, криминалдан арылтуу жана укук бузуунун чыныгы мүнөзүн аныктоо (депенализация) жүргүзүлгөн. Адамдардын укугу, адилеттикке жетүү мүмкүнчүлүгү чөйрөсүндө улуттук мыйзамдар эл аралык стандарттарга барган сайын жакындап, эски укуктук маданияттан чыгуу белгиленген.
Мыйзамдарды жана кодекстерди ишке ашыруу процессине бир катар аткаруу, укук коргоо органдарын, прокуратура органдарын, сот, жазык аткаруу, адвокатура жана жогорку окуу жайларынын юридикалык факультеттерин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тартат. Жаңы мыйзамдарды ишке киргизүү үчүн соттук-укуктук органдардын ишин жакшыртуу, алардын түзүмдөрүн жөнгө салуу, ыйгарым укуктарын тактоо, бир топ уюштуруучулук, ченемдик укуктук, финансылык, материалдык техникалык жана башка маселелерин чечүү боюнча макулдашылган иш-чаралардын комплексин өткөрүүнү талап кылат.
Кодекстерди ишке киргизүү боюнча даярдык ишти баалабай коюу аталган кодекстер мыйзамда белгиленген ишке киргизүү мөөнөтүндө күчүнө кирбей калышына алып келиши мүмкүн. Мындай жагдай жаңы кодекстерге киргизилген прогрессивдүү идеяларды белгисиз мөөнөткө жылдырышына алып келиши мүмкүн жана башталган реформалардын аягына чыгарууга жол бербейт.
Кодекстерди ишке ашыруу жумуштары башталган. Өкмөт реформанын белгиленген багыты боюнча бара жатат, айрым баштапкы иш чаралар өткөрүлгөн. Бирок иш системалуу эмес, акырындык менен жүрүп жатат. Мыйзамдарды жана кодекстерди күчүнө киргизүү үчүн даярдык иш-чараларын өткөрүүгө убакыт кыскарып баратат.
Аткаруу, укук коргоо жана сот органдары тарабынан көрүлүп жаткан иш аракеттер алардын тыгыз иш алып баруусунун жоктугунан улам күтүлүүчү жыйынтыктарды бербей келет. Министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери тарабынан өзгөрүүлөрдү алдыга жылдыруу үчүн кызыкдар тараптардын катышпай жатышы жана так контролдуктун жоктугунан айрым мыйзам демилгечилеринин субъектилерине жаңы кодекстердин концепциясын өзгөртүү үчүн далалат жасалышына шарт түзүлүп жатат. Бул эски мыйзамдарга жана тажрыйбага кайтууга барабар.
Жаңы жазык мыйзамдарын ишке ашыруудагы негизги артыкчылыктар катары Кылмыштардын, жосундардын, бузуулардын жана сыноо институтун жүргүзүү боюнча бирдиктүү эсепке алуу системасын киргизүүнү аныктоо зарыл. Бул система өз ишин 2019-жылдын 1-январынан тартып башташы керек. Кодекстерди ишке ашыруу процессине катышкан мамлекеттик органдар даяр болуп, кызматкерлери окуудан өтүүгө тийиш.
Жазык, жарандык жана администрациялык иштер боюнча мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам алууда адамдардын укуктарын ишке ашыруу көйгөйлүү маселе боюнча калууда.
Мына ушунун баары эске алуу менен, Мамлекет башчысынын Жарлыгы соттук-укуктук реформаны системалуу жүргүзүүгө жаңы дем берүүнү көздөйт.
Пикир
Оставить комментарий