• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Жеке маалыматтарды кармоочулардын реестринде 1,6 миңден ашык юридикалык жак катталды

Коом 0

Бишкек, 07.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жеке маалыматтарды кармоочулардын реестринде 1 миң 600дөн ашык юридикалык жак катталды. Бул тууралуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу Алмамбет Касымбеков “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул реестр 2022-жылы иштелип чыккан. Учурда анда 400дөн ашык коммерциялык жана 1000ден ашык мамлекеттик уюмдар бар.

“Реестрдин негизги максаты таза, ачык жеке маалыматтарды коргоо болуп саналат. Ар бир мамлекеттик уюм болобу же коммерциялык уюм болобу жеке маалыматтар менен мыйзамдуу иштеши үчүн ушул реестрде катталышы керек”, - деди ал.

Ошондой эле Алмамбет Касымбеков белгилегендей, агенттик былтыр 53 мамлекеттик жана муниципалдык органдарга текшерүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы президенттик администрацияга жөнөтүлгөн.

“Азыр ал жыйынтыктар президенттик администрациянын кароосунда турат. Эми бизге дагы тапшырма берилсе, жыл аягына чейин агенттик кайра текшерүүлөрдү жүргүзөт”, - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги 2021-жылы түзүлгөн. Агенттикке мыйзамдарды жана жеке маалыматтарды коргоонун системасын өркүндөтүү, ошондой эле жеке маалыматтарды чогултууну, сактоону жана иштетүүнү контролдоо жаатындагы стратегиялык маселелерди чечүү милдети жүктөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий