Бишкек, 20.03.22. /Кабар/. Жер көчкү коркунучунуна улам Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылдык өкмөтүнүн Учкун айылындагы 15 турак жай коопсуз жерге көчүрүлдү. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.
Ведомствонун маалыматына таянсак, жашоочуларды коопсуз жайга чыгарып туруу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Кара-Суу району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицерлери жана өздүк курамы менен чатыр шаарчасы уюштурулду.
Кооптуу участкадан коопсуз жерге чыгуу боюнча Жарандык коргонуу комиссиясы тарабын 2022-жылдын 4-март күнү жеринде эскертилип ар бирине эскертүү кагаздары берилген.
Пикир
Оставить комментарий