• 87
  • 89.63
  • 0.85

Жер титирөөдө эске алчу сактануу эрежелерди билип алыңыз

Коом 0

Бишкек, 10.01.25. /Кабар/. Жарандар жер титирегенде биринчи эле кезекте кандай сактануу эрежелерин эске алышы керек? Өзгөчө кырдаалдар министрлиги зилзала учурунда маани бере турган кадамдарды тизмектеп берди.

  • "Кырсык башталганда адам дайыма өзү менен алып жүргөн буюмдарын, мисалы, телефон жана өздүгүн тастыктоочу документтер топтомун алып, 10 секунд ичинде сыртка чыгып кетиши керек;
  • Эгерде жер титирөө учурунда адам биринчи кабатта болсо, анда 10-15 секунддан соң биринчи титирөөдөн кийин көчөгө чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар;
  • Жер титирөө учурунда адам экинчи кабатта болсо, бөлмөдөгү эң коопсуз жерди табышы зарыл. Буга дубалдын бурчу, столдун асты сыяктуу жана башка коопсуз жерлер кирет. Эч качан терезеден секирүүгө болбойт;
  • Эгер жер титирөө учурунда адам сыртта болуп калса, туруксуз курулуштардан, кыйроочу чакан имараттардан алыс туруусу кажет. Ачык жерге качып, көрнөк-жарнактардан, күркөлөрдөн, аялдамалардан да алыс болууга аракет кылыңыз;
  • 1-3 баллга жеткен титирөө билинер-билинбес өтөт. Ал эми 4 баллдан өйдө катталган жер титирөө олуттуу кыйроолорго алып келерин унутпаңыз;
  • Жер титирөөдө, өрт учурунда эч качан лифт колдонууга болбойт. Тепкич менен гана түшүү керек;
  • Имараттан чыгып баратканда бардык электр, газ жабдууларын өчүрүп, суу түтүктөрүн бекитип салган оӊ. Бул жер титирөөдө турак жайдын көбүрөөк чыгымга учурашын алдын алат.

ӨКМ белгилегендей, зилзаланын болорун алдын ала божомолдоо мүмкүн эмес. Эӊ көп жер силкинүү катталган Япония да мындай мүмкүнчүлүктөргө жете элек. Бирок жер силкинүүнүн алдында бош орнотулган объектилер термелип, жарык өчүп-күйө баштайт. Бул белгилер байкалганда дароо керектүү буюмдарды алып, коопсуз жерге жайгашуу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий