• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жер-жемиштер менен бирге ташылып бара жаткан баңгизат кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.08.19. /Кабар/. Жер-жемиштер менен бирге ташылып бара жаткан баңгизат кармалды. Бул тууралуу Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милициядан белгилешкендей, Үч-Коргон айылында адамдардын тобу, жер-жемиштер менен бирге салынган баңгизатты Россияга, андан кийин Европага жөнөтүүнү көздөшкөн.

Милицияга маалымат келип түшүп, алар айтылган жерге келгенде баңгизат салынган унаа кетип калган.

Бирок ал унаа, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлеринин жардамы менен Кара-Көл шаарында кармалган.

Унаадан 44 кг 300 грамм баңгизат табылган.

Пикир

Оставить комментарий