Жерге биринчи жолу Айдын кыртышынын үлгүлөрү алып келинди

Дүйнө 0

Бишкек, 26.06.24. /Кабар/. Кытайдын “Чанъэ-6” зондунун кайтып келүүчү модулу тарыхта биринчи жолу Айдан чогултулган топурак үлгүлөрүн Жерге жеткирди. Бул тууралуу Интерфакс жазды.

Модуль 25-июнда Пекин убактысы боюнча саат 14:07де Кытайдын түндүгүндөгү Ички Монголия автономиялуу аймагына конду. Жүктүн салмагы эки килограммды түзөт.

Кытайдын Улуттук космостук башкармалыгы кабарлагандай, муну менен 53 күнгө созулган “Чанъэ-6” миссиясынын ийгиликтүү аяктады.

Айдан алып келинген үлгүлөр сактоо, анализдөө жана изилдөө үчун окумуштууларга берилет. Маалыматтарга айтылгандай, "Чанъэ-6" Кытайдын космостук изилдөөлөрүндөгү эң татаал миссиялардын бири болуп калды. Зонд 3-майда ишке киргизилген. 2-июнда ал топурак үлгүлөрүн алуу үчүн Айга ийгиликтүү конгон.

“Чанъэ-6” миссиясы адамдын Айды изилдөө тарыхындагы маанилүү этабы болуп саналат жана Айдын эволюциясын толугураак түшүнүүгө салым кошот”, - деп белгиледи Кытайдын илимдер академиясынын Геология жана геофизика институтунун илимий кызматкери Ян Вэй.

Ал арада Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин “Чанъэ-6” миссиясынын ийгиликтүү аякташы менен куттуктоо телеграммасын жөнөттү.

Пикир

Оставить комментарий