• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Жергиликтүү кеңештердин иши район, шаар, облустардын өнүгүүсүнө түздөн-түз таасирин тийгизет – Айнуру Алтыбаева

Коом 0

Бишкек, 16.10.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Жергиликтүү кеңештердин иши район, шаар, облустардын өнүгүүсүнө түздөн-түз таасирин тийгизет. Бул тууралуу Жогорку Кенештин мурдагы депутаты, Республикалык аялдар кеңешинин төрайымы Айнуру Алтыбаева “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, шайлоочулар добуш берерде аймактын алга жылуусу үчүн жан үрөп иштей турган татыктуу талапкерлерге, партияларга бериши зарыл.

“Жергиликтүү кеңештерге шайлоо алдында президенттин кайрылуусунда чындыгында орчундуу маселелер айтылды. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо аймактардын өнүгүүсү үчүн маанилүү. Анткени алар айылдык жана шаардык бюджетти бекитет. Ал болсо өз кезегинде облус-райондордун өнүгүүсүнө таасирин тийгизет. Ошондуктан шайлоочу добушун татыктуу талапкерлерге, татыктуу партияларга бериши керек. Алар "мен тандаган талапкер өз кызыкчылыгын алдыга койбой, жергиликтүү эл үчүн иштеп берет" деген ойду карманышы керек. Ошондой эле эл өз аймактарынан чыккан талапкерлерди ишти алып кете ала тургандыгына, мурда-кийин эл үчүн жасаган иштерине бир баа берип коюшса ашыкча болбойт. Айылдык кеңештерге шайлоодо мен аял жана жаш талапкерлерди колдоого өзгөчө көңүл буруу керек деп эсептейм. Анткени аялдар социалдык маселелерди чечүүгө көбүрөөк маани беришет. Ал эми жаштар болсо, мамлекеттеги жана дүйнө жүзүндөгү өзгөрүүлөргө жаңы көз карашта карашат. Анан албетте, шайлоочулар урнага барганда добушун сатпай колунан иш келе турган талапкерди шайлашы зарыл”, - деп белгиледи Айнуру Алтыбаева.

Пикир

Оставить комментарий