• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жыл башынан бери Соцфонддун колл-борборуна 23 миңден ашуун кайрылуу келип түшкөн

Коом 0

Бишкек, 04.06.20. /Кабар/. КР Социалдык фондунун колл-борбору 2020-жылдын январь-май айларында 23 миң 253 кайрылуу кабыл алды. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, колл-борбору негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөрдү берүүдө.

"Үстүбүздөгү жылдын май айында колл-борборуна 2979 кайрылуу келип түшкөн. Андан тышкары, сайт аркылуу онлайн-офлайн режиминде 484 электрондук кайрылуу болгон", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.

Пикир

Оставить комментарий