• 84.2
  • 94.34
  • 0.9

Жергиликтүү кеңештердин жана депутаттык мандаттардын саны кыскарды – БШК

Коом 0

Бишкек, 30.09.24. /Кабар/. Административдик аймактык реформанын алкагында 264 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 33 шаардык, 231 айылдык кеңешке депутаттар шайланат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Төлөгөн Айтикеев билдирди.

Анын айтымында, административдик аймактык реформага чейин 484 жергиликтүү кеңеш болуп, анын ичинде 32 шаардык жана 452 айылдык кеңешке депутаттар шайланып келген.

“БШК тарабынан бекитилген календардык планга ылайык, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдыктар жүрүп жатат. Шайлоого катышууну ниет кылган саясий партиялар үчүн атайын тренингге 45 саясий партиянын өкүлдөрү катышты. Тренингдин максаты жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого катыша турган партия өкүлдөрүнө мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр, талапкерлерди көрсөтүү, тизмесин түзүү жана талапкерлердин катталышы боюнча маалымат берүү. Ошондой эле, саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүү, фонддогу каражаттардын чыгымдалыш тартиби түшүндүрүлөт. Андан тышкары, электрондук талапкер порталына талапкерлер кандай каттала алышат, ошол тууралуу маалымат берилди”,- дейт Төлөгөн Айтикеев.

БШКнын маалыматы боюнча жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү менен өлкө боюнча 56 аймактык жана 2 миң 438 участкалык шайлоо комиссиялары алектенет. Учурда республика боюнча жергиликтүү кеңешке 6 миң 384 депутаттык мандат болсо, анын ичинен шаардык кеңештерде 993, ал эми айылдык кеңеште 5 миң 391 мандатты түзөт.

Айтикеев маалымдагандай, аралыктан добуш берүү үчүн Бишкек шаарында төрт, ал эми Ош, Баткен, Жалал-Абад, Каракол, Нарын жана Талас шаарларында бирден шайлоо участогун ачуу пландалууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрга белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий