• 87
  • 91.29
  • 0.84

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо. Саат 10.00гө карата шайлоочулардын 2,25%ы добуш берди

Коом 0

Бишкек, 15.11.24. /Чолпон Жумалиева - Кабар/. Кыргызстандын аймагындагы 2 миң 437 шайлоо участкасында саат 10.00гө карата жалпысынан 93 миң 176 жаран добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, бул жалпы шайлоочулардын 2,25 пайызын түзөт.

“Облустар боюнча маалымат берсек, Баткен облусу боюнча 2,39%, Ош облусунда 2,24%, Жалал-Абад облусунда 2,96%, Нарын облусунда 2,38%, Ысык-Көл облусунда 2,32%, Чүй облусунда 1,41%, Талас облусунда 3,76% шайлоочулар добуш беришти. Ал эми шаардык кеңештер боюнча жалпысынан 2, 9% шайлоочулар добуш беришти”, - деди Шайназаров.

Пикир

Оставить комментарий