Бишкек, 25.08.23. /Кабар/. Казак тарап Кыргызстандан жүк ташуучу унааларды өткөрүүнү саатына 2-3төн 8-9га чейин көбөйттү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ энергетика жана инфраструктура миснитри Арзыбек Кожошевдин жетекчилиги астында ЕЭКтин делегациясы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Ак-Тилек - автожол" көзөмөл өткөрүү пунктуна барышып, абал менен таанышкан.
"Кыргыз тарап мониторинг тобуна казак тараптан өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн олуттуу төмөндөшүнөн улам пайда болгон жүк ташуучу унаалардын узун кезеги боюнча маалымат берген", - деп белгиледи ЕЭК.
24-августка карата казак тараптан унаа каражаттарын өткөрүү көбөйтүлдү. ЕЭК абалды мындан ары дагы көзөмөлдөп турат.
Кошумчалай кетсек, кечээ саат 12:00гө карата жүк ташуучу унаалардын топтолушу төмөндөгүдөй болчу:
- "Ак-Тилек - автожол" пунктунда – 379;
- "Чалдыбар - автожол" пунктунда – 73;
- "Кен-Булуң - автожол" пунктунда – 89;
- "Чоң-Капка - автожол" пунктунда – 73 .
КР УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз тараптагы өткөрүү пункттары күнүмдүк режимде иштеп жатканын белгилеген.
Пикир
Оставить комментарий