• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЕЭКтин өкүлдөрү Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы абал менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 24.08.23./Кабар/. Бүгүн, 24-августта Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жана Евразия экономикалык комиссисынын өкүлдөрү кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Ак-Тилек - автожол" өткөрүү пунктуна барышып, абал менен таанышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргыз тараптын өтүнүчү менен Евразия экономикалык комиссиясында энергетика жана инфраструктура боюнча коллегия мүчөсү (министр) Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы алдында ЕЭКтин ар кандай департаменттеринин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн.

КР экономика министринин орун басары Назарбек Малаевдин айтымында, 20-августтан тартып кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында Кыргыз Республикасынын аймагынан Казакстан Республикасынын аймагына бара жаткан жүк ташуучу автотранспорт каражаттардын "Кең-Булуң – автодорожный", "Ак-Тилек – автодорожный" жана "Чалдовар - автодорожный" өткөрмө пункттарында топтолуп тургандыгынан улам кырдаал чыңалууда.

Ведомстводон белгилешкендей, мындай жагдай системалуу мүнөзгө ээ, ошол эле учурда казак тарап Кыргызстандан келген жүк ташуучу унаалардын өз аймагы аркылуу өтүүсүн басаңдатуу үчүн ар кандай себептерди издеп келет.

"Чек арада түзүлгөн кырдаал, албетте, Кыргызстандын тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизүүдө. Биздин ишкерлер чоң жоготууларга учурап жатышат жана өнөктөштөр алдындагы милдеттенмелерин өз убагында аткара албай жатышат. Ошондой эле токтоп турган жүктүн арасында тез бузулуучу продуктулар да бар, аларды өз убагында жеткирбөө чоң финансылык жоготууларга алып келет", - деп айтылат министрликтин билдирүүсундө.

Министрлик 20-августтан тартып Казакстан расмий билдирүүсүз бир тараптуу тартипте кыргыз жүк ташуучу автотранспортторун өзүнүн өткөрүү пункттары аркылуу өтүүсүн чектеген. Мындай чаралардын натыйжасында кыргыз тарапта 500гө чейин жүк ташуучу транспорт каражаты кезекте турат.

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан билдиришкендей, бүгүн саат 12:00гө карата кыргыз-казак чек арасындагы 4 өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын төмөндөгүдөй узун кезеги пайда болду:

- “Ак-Тилек-автожол” көзөмөл өткөрүү жайында - 379;
- "Чалдыбар-автожол" КӨЖда - 73;
- "Кен-Булун-автожол" КӨЖда - 89;
- "Чон-Капка-автожол" КӨЖда -73.

Белгиленгендей, кыргыз тараптан өткөрүү жайлары күнүмдүк тартипте иштеп жатат.

Эскерте кетсек, Чүй облусунда “Ак-Тилек-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайынын алдында жардам көрсөтүү жай катары чатырлар тигилген. Ал жактарда айдоочуларга жана жүк ташуучуларга медициналык, психологиялык жактан жардам жана кеңеш берилип, ысык тамак уюштурулган.

Ошол эле учурда КР Айыл чарба министрлигинин сугат тармактары боюнча илимий-изилдөө институтунун директору, экономика илимдеринин доктору Улан Чортомбаев Facebook баракчасына казак тарап аларды суу менен камсыз кылуунун үзгүлтүккө учурашына байланыштуу Кыргызстандан келген унааларды өткөрбөй жатканын айтып, казак бийлигине кайрылуу жасаган.

Бирок, КР Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба кызматынын директору Алмазбек Сокеев бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Киров суу сактагычынан суу берүү токтотулгандан кийин казак тараптын Кыргызстанга дооматы жок экенин билдирип, бул кечээ эки тараптуу телефондук сүйлөшүүлөрдө тастыкталганын айтты.

Пикир

Оставить комментарий