• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо үчүн БШК документтерди кабыл алууда

Коом 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. Жергиликтүү кеңештерде өтө турган шайлоого байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо үчүн документтерди кабыл алууда. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

БШКдан белгилешкендей, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган телерадиоберүү уюмдары, мезгилдүү басма сөз басылмаларынын редакциялары, интернет-басылмалардын ээлери Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссияда аккредитациялоодон өтүүгө тийиш.

Бул үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар обо убактысын жана басма аянтын берүү үчүн төлөнүүчү акынын өлчөмдөрү ж.б. шарттары жөнүндө маалыматтарды жарыялоосу керек жана 2020-жылдын 20-февралынан кечиктирбестен БШКга төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:

- шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даярдыгы жөнүндө билдирүү, анда жалпыга маалымдоо каражатынын же интернет-басылманын жетекчисинин аты-жөнүн, координаттарын жана байланышуу маалыматтарын көрсөтүү зарыл;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде жалпыга маалымдоо каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- укуктук жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн же жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (интернет-басылмалар үчүн);

- жалпыга маалымдоо каражатынын уставынын көчүрмөсүн (эгерде бар болсо);

- обо убактысын, басма аянтын берүү үчүн акынын өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар жарыяланган газета санынын көчүрмөсү.

Өз өкүлдөрүнүн тизмеси жана документтер менен электрондук варианттагы арызды Борбордук шайлоо комиссиясынын document@shailoo.gov.kg электрондук почтасына жөнөтүү зарыл.

Жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернет-басылмаларын жана/же алардын өкүлдөрүн аккредиттөө жөнүндө чечимди БШК аккредиттөө үчүн зарыл болгон документтерди берүү мөөнөтү аяктагандан кийин беш календардык күндөн кечиктирбестен кабыл алат.

БШКда аккредиттөөдөн өтпөгөн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары расмий маалыматты жана маалыматтык (жаңылык) билдирүүлөрүн шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерисиз чагылдыруу жолу менен гана шайлоону маалыматтык жактан камсыздоого катышууга укуктуу.

Жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернет-басылмаларын аккредиттөө эрежелери менен шилтеме боюнча же 0312 62 01 84 номери аркылууа таанышууга болот.

Маалымат үчүн:

Республиканын 30 жергиликтүү кеңештерине кезектеги шайлоо 2020-жылдын 12-апрелине белгиленген. Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнү башталганына чейин 24 саат калганда токтотулат: шаарларда – 13-марттан 10-апрель, айылдарда – 23-марттан 10-апрель.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун календары менен БШКнын сайтынан же шилтемеге өтүп, кеңири таанышса болот.

Пикир

Оставить комментарий