• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көл облусунун УКМК, ИИМ жана Пробация департаментинин өкүлдөрү мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты

Аймак 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун УКМК, ИИМ жана Пробация департаментинин өкүлдөрү мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин Пробация департаментинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 3-февралында Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгынын жетекчиси Эрнист Намазбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармылыгынын башчысы Бакыт Абдылдаев жана Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы Улан Асанбаев менен кызматтык жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда мындан аркы өз ара аракеттешүү маселелери талкууланды. Ведомстволордун ортосунда пробациянын кардарлары тарабынан укук бузуулардын кайра жасоосун эскертүү боюнча 2020-жылга иш-чаралардын планы бекитилди.

Ошондой эле, пробация органдарынын кызматкерлеринин арасында коррупциялык укук бузууларды болтурбоо жана жоюу маселелери каралып, “Коррупцияга каршы аракеттенүү” темасындагы сабактарды өткөрүү макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий