• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ош шаарында скважиналарды калыбына келтирүү иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 03.01.23 /Кабар/. Кечээ, 2-январда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов таза суу менен камсыздоону жакшыртуу жана жаан-чачын, сел учурунда ичүүчү суунун дебитин көбөйтүү максатында эски скважиналарды калыбына келтирүү иштеринин башталышы менен таанышты.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, калаа башчы Сай-Бою көчөсүнө барып, андагы иштебей турган эски скважинаны калыбына келтирүү иштерин көрдү.

Мэр Ош шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгына скважинаны реабилитациялоо (тазалоо иштери, насосту алмаштыруу) иштерин жогорку деңгээлде жүргүзүүнү тапшырды. Аны менен катар суу түтүктөрүн куруу жана линияга туташтыруу иштерине даярдык көрүү жагы белгиленди.

Ош шаарында иштебей турган эски скважиналарды калыбына келтирүү, ошондой эле жаңы скважиналарды бургулоо боюнча комплекстүү иш-чаралар пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий