• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Талас районунун Бал-Бал айылында жаңы мектеп бүткөрүү алдында турат

Аймак 0

Бишкек, 23.05.23. /Кабар/. Талас облусунун Талас районуна караштуу Бал-Бал айылында жаңы мектептин курулушу толук бүткөрүү алдында турат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 192 орунга ылайыкталган мектеп эки кабаттуу жана жалпы аянты 1361 чарчы метрди түзөт.

“Мектепте спорт залы, ашкана жана акт залы каралган. Учурда аткарылган курулуш-монтаждоо иштердин кɵлɵмү 90%ды түзөт. Бүгүнкү күндө сырткы көрктөндүрү жана жашылдандыруу иштери жүрүп жатат”, - деп белгилешти ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий