• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Эмгек министрлигинин социалдык мекемелеринде текшерүү жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 03.01.23 /Кабар/. Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги министрликтин социалдык мекемелеринде текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Беловодск балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси, Шопоков шаарындагы үй-бүлө тибиндеги балдар үйү жана Сокулук районунун Маловодный айылында жайгашкан майыптыгы бар адамдар үчүн Сокулук реабилитациялык борбору текшерилди.

Анын жүрүшүндө азык-түлүк кампалары, кызмат алуучулардын жашоо шарты, социалдык мекемелердеги жылуулук жана жер-жерлерде кадрлардын бар экендиги текшерилди.

Текшерүүдө бузуулар аныкталган жок, мекемелер штаттык режимде иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий