• 84.2
  • 94.34
  • 0.9

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо айрым эрежелердин өзгөрүүсү менен өтөт – Шайлдабекова

Коом 0

Бишкек, 30.09.24. /Кабар/. Шаардык кеңештерге шайлоодо саясий партиялар үчүн шайлоо босогосу 7 пайыздан 5 пайызга чейин төмөндөтүлүп, айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсү жокко чыгарылды. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, өзгөртүүлөр “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга ылайык киргизилген.

“17-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо бир катар өзгөрүүлөр менен өткөрү турат. Бул шаардык кеңештерге шайлоо босогосунун төмөндөөсү, экинчиден айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсүнүн жоюлуусу. Андан сырткары, администртивдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга каршы чара катары кошумча талаптар коюлуп жатат. Мисалы, мамлекеттик же муниципалдык ишканалардын жетекчилери шайлоого катышса, алар өзүнүн кызмат ордун толугу менен өткөрүп берип анан катыша алат. Башка категориядагылар кызматын убактылуу токтотуп катыша алышат”,- дейт Шайлдабекова.

Ошондой эле, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн "Электрондук талапкер" программасы ийгиликтүү ишке киргизилип, ал талапкерлерге документтерин электрондук түрдө киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Шайлдабекова маалымдагандай, ар бир шайлоо участокто видео байкоо жүргүзүлөт. Камералар коомчулук тарабынан шайлоо процессине мониторинг жүргүзүү шарттарын түзүү максатында коюлуп жатат.

Эске салсак, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында өтөт. Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн башталып, 2024-жылдын 7-октябры саат 18:00гө чейин, ал эми шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо 18-октябрда аяктайт. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 17-октябрь саат 18:00гө чейин, ал эми талапкерлерди каттоо 28-октябрь күнү саат 18:00гө чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий