• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант берди

Коом 0

Бишкек, 07.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 7-октябрда Жогорку сотто президент Садыр Жапаровдун жарлыктары менен дайындалган жергиликтүү соттордун судьялары салтанаттуу түрдө ант берди. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчынын аталган судьялар боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары кабыл алынып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

Нарын облусу

Ат-Башы райондук соту

Шерипов Улан Турганбекович (курагынын чегине жеткенге чейин);

Ысык-Көл облусу:

Тоң райондук соту

Талантбекова Аида Талантбековна (5 жылдык мөөнөткө);

Балыкчы шаардык соту

Ысаков Элдияр Пазылович(5 жылдык мөөнөткө);

Талас облусу

Кара-Буура райондук соту:

Асанова Элмира Орозобековна (5 жылдык мөөнөткө);

Асилова Индира Ашимжановна (5 жылдык мөөнөткө);

– Бишкек шаары

Ленин райондук соту:

Алиев Авчи Мустафаевич (курагынын чегине жеткенге чейин);

Осмонов Баимбек Абдилакович (курагынын чегине жеткенге чейин).

Соттон белгилешкендей, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» КР конституциялык мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын дайындалган судьяларынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусу ант берген күндөн тартып башталат.

Пикир

Оставить комментарий