• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жети-Өгүздө малдын катышуусу менен болгон жол кырсыктары алдын алынууда

Аймак 0

Бишкек, 07.10.22. /Кабар/. Жети-Өгүздө малдын катышуусу менен болгон жол кырсыктары алдын алынууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунда мал жандыктарынын катышуусунда катталып жаткан жол кырсыктарынын алдын алуу максатында тийиштүү иш чараларды жүргүзүүдө.

Атап айтсак, Дархан, Саруу, Ак-Терек, Саруу, Койсары жана курорт Жети-Өгүз автожолунун жээгинде жайгашкан айылдардын тургундары менен жолугушууларды өткөрүп, мал жандыктарын кайтарып жана айдап жүргөн малчыларга унааларга тоскоолдук жаратпай, кырсыкка кабылбай турган маанидеги эрежелерди айтып беришти. Мал менен алектенген жарандарга мал жандыктарын күндүз жана түнкүсүн кароосуз калтырбай, жолдон алысырак жайып кароосу керектиги жеткирилди.

Ошондой эле күз айларында жайлоолордон көчүп келе жаткан малчыларга кечкисин жарыкты чагылдыруучу ленталарды байлоосун, мүмкүн болсо мал жандыктарын сутканын жарык мезгилинде айдоо керектигин айтып өтүштү. Ал эми айдоочуларды, өзгөчө такси кызматы менен алектенген айдоочуларды унаа аралыгын, ылдамдык эрежесин сактоого чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий