Бишкек, 17.11.24. /Диана Айдарова-Кабар/. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө 2 шайлоо участкасында добуш берүүнүн мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдиришти.
Маалыматка ылайык, добуш берүүнүн мөөнөтүн узартуу чечими Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылындагы № 3023 жана Ак-Суу районунун Тепке айылындагы № 3092 шайлоо тилкелеринде келип чыккан техникалык жагдайларга байланыштуу кабыл алынган.
БШК жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында Ысык-Көл облусундагы төмөнкү 2 шайлоо тилкесинде добуш берүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө токтом кабыл алды:
• №3023 шайлоо тилкеси - 2024-жылдын 17-ноябры, саат 23:00гө чейин;
• №3092 шайлоо тилкеси - 2024-жылдын 18-ноябры саат 20:00гө чейин.
Пикир
Оставить комментарий