• 87.12
  • 94.14
  • 0.98

Жети-Өгүз районундагы жол кырсыгынан 3 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. Жети-Өгүз районундагы жол кырсыгынан 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 29-март күнү саат 18:26 чамасында Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунда Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 194-чакырымында (Тилекмат айылы) “Honda-Avancier” жана “BMW-525” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши жабыркаган.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, кыпчылып калган 35 жаштагы эркек кишини унаадан чыгарышкан. Ал эми, жабыркаган 2 эркек кишини (аты-жөндөрү такталууда) тез жардам кызматы облустук ооруканага алып кеткен.

Абалдары туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий